Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду

 Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду

Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган.

“Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар операциядан соң өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Өрттөн улам бейтаптар коңшу жайгашкан Кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланган. Бирок, реанимациялык иш-чараларга карабастан эки бейтап көз жумду. Учурда Кардиология борборунун реанимация бөлүмүндө 7 бейтап жатат, алардын экөө чоң киши болсо, жетиси балдар. Учурда бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат”, – деди министр

Связанный пост