Былтыр айыл чарба жаатындагы мамлекеттик ишканалар 36,2 млн сом киреше тапкан

Былтыр Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын кирешеси бир кыйла жогору болгон.
Ведомстводон маалымдашкандай, алардын жалпы кирешеси 36 млн 242 миң 100 сомду түзүп, көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 30 млн 916 миң 100 сомго көп болгон.
Анын ичинен:
- Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтуна караштуу селекциялык жана үрөнчүлук чарбалардын жылдык кирешеси – 6 млн 305 миң 500 сом;
- “Кыргыз сорт сыноо станциясы” мамлекеттик ишканасынын кирешеси – 4 млн сом;
- Асыл тукум мал чарба жайыт жана тоют департаментинин “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекттик ишканасынын кирешеси – 25 млн сом;
- Балык өнөр жайы комплекси департаментинин мамлекеттик ишканаларынын 2024-жылдагы кирешеси – 936 миң 600 сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, 2023-жылы мамлекеттик ишканалардын кирешеси 5 млн 326 миң сомду түзгөн.