Бир айда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 18,7 млн сом түштү

Бир айда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 18,7 млн сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан январь айында жүргүнчү жана жүк ташыган 47 миң 645 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 421 протокол түзүлдү.
Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке жалпы 18 млн 770 миң 484 сом (2024-жылдын 1 айында 5 млн 605 миң 470 сом) чегерилди.
Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.