Республикалык бюджеттин 21,7% билим берүү тармагына сарпталат

Мамлекеттик салык кызматы жарандардын салык төлөмдөрү кандай максаттарга жумшалып жатканын түшүндүрдү.
Салыктар – бул өлкөнүн бюджетинин негизги бөлүгүн түзөт, алар экономиканын өнүгүүсү жана коомдун бакубат жашоосу үчүн маанилүү. Бирок, көпчүлүк “салыктык кирешелер кайда кетет?” деген суроого кызыгышат.
Мамлекет тарабынан жыйналган бардык салыктар, өлкөнүн негизги жашоо чөйрөлөрүн каржылоого багытталат.
Төмөндөгү инфографикада республикалык бюджеттин чыгымдарынын негизги чөйрөлөрү көрсөтүлгөн, алардын басымдуу бөлүгүн салыктар түзөт.