Былтыр 220 миңге жакын кыргызстандык унаасын камсыздандырган

 Былтыр 220 миңге жакын кыргызстандык унаасын камсыздандырган

2024-жылы Кыргызстанда автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 220 миңге жакын келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Тахмина Камчыбекова Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн автоунаа каражаттарынын бардык түрлөрүнө, анын ичинде чет мамлекеттерде катталгандарга да тиешелүү.

«ОСАГО алуу менен айдоочулар камсыздандыруу компаниясына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерин өткөрүп беришет. Бүгүнкү күндө республикада 1,5 миллиондон ашык автоунаа бар. Алардын ичинен 220 миң айдоочу гана жоопкерчилигин каттаган. “Бул абдан аз” деди ал.

Эске салсак, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстанда айып пулдар 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек болчу. Бирок кийинчерээк автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун жоктугу үчүн айып пулду киргизүүнү 2025-жылдын 1-июлуна чейин алты айга жылдыруу чечими кабыл алынган.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост