Кыргызстанда социалдык контрактын өлчөмүн көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда социалдык контракттын көлөмүн көбөйтүүнү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, коллегияда министр Равшанбек Сабиров министрликтин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы, анын ичинде жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана эмгек миграциясын колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча кеңири баяндама жасады.
Анын айтымында, олуттуу долбоорлордун бири – “Социалдык контракт”. Анын алкагында 100 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшыртылды. Долбоордун 2025-жылдагы кийинки этабында социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган.
“Министрлик жарандарды колдоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү максаттарды коюп жатат. Биз үй-бүлөлөрдү, оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарды, ошондой эле эмгек мигранттарына жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду активдүү иштеп жатабыз”, – деп белгиледи министр.