Былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $16 млрд түздү

2024-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын товарлары менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 16 миллиард АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 0,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.
Анын айтымында, ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 13,1%га өскөн, ал эми импорттук көрсөткүчтөр тескерисинче, 2,4%га кыскарган.
Ал 2024-жылдын январь-декабрында ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү дээрлик 5,0 миллиард АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,5%га өскөнүн кошумчалады.
Бул мезгилде республикалардын ортосундагы өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россия менен – 71,2% жана Казакстан – 26,8% болгон.