2025-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 млрд сомду түздү

 2025-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 млрд сомду түздү

2025-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 млрд сомду түздү. . Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин брифингинде маалым болду.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 46,6 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тазаланган мунай продуктулардын 2,4 эсеге, тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин 1,6 эсеге, химиялык заттар 1,5 эсеге жана фармацевтикалык продукциянын 33,7 пайызга, резина, пластмасса буюмдардын жана курулуш материалдары 20 пайызга, текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүшү 4,2 пайызга, ошондой эле кендерди казуу 2,5 пайызга өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 10,7 пайызга өстү.

Ошондой эле оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 19,6 пайызды, дүң жана чекене соода – 20,7 пайызды жана айыл чарбасы – 1,8 пайызды түздү.

Связанный пост