Кайрат Примбердиев Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди

 Кайрат Примбердиев Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди

Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан ырчы өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Кыргызстандын П.К.Т. аттуу жараны “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет. Бул үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эскерте кетсек, буга чейин КР эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев Казакстандын “Айран-YouTube” каналына маек берип жатып, “Биздин Ормон хан Кененсарыны өлтүрүүгө аргасыз болгон. Бул үчүн мен казак элинен кечирим сурайм” деген. Анын бул билдирүүсү коомдо кызуу талкууну жараткан.

Связанный пост