Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралган жок

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Эрбол Замирбеков билдирди.
Анын айтымында, социалдык маанидеги 9 продукция боюнча толук резерв бар.
Учурда Казакстан менен Өзбекстанда картошкага болгон суроо-талап жогорулоосунан улам жана жасалма алып-сатарлыкка байланыштуу картошка менен эттин баасынын жогорулагандыгы байкалууда.
Ал белгилегендей, өлкө өсүмдүк майы, нан азыктары жана мөмө-жемиштерди кошпогондо, азык-түлүктүн 7 түрү менен өзүн-өзү толук камсыздайт.
Белгилей кетсек, социалдык маанидеги азык-түлүктүн тизмесине эт, картошка, сүт, кумшекер, жашылча, мөмө-жемиш, коон, нан азыктары, өсүмдүк майы, жумуртка кирет.
Булак “Кабар” агенттиги