2024-жылы тоо-кен ишканалары бюджетке 41,7 млрд сом которгон

 2024-жылы тоо-кен ишканалары бюджетке 41,7 млрд сом которгон

2024-жылы тоо-кен ишканалары мамлекеттик бюджетке 41,7 млрд сом которгон. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Кыргыз геология кызматынын жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы Руслан Калилов радиолордун бирине маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттын 1 млрд 600 млн сому Жаратылыш ресурстар министрлиги тарабынан тескөөчү салыктык эмес кирешелер. Калганы салыктык кирешелер болуп саналат.

“Жалпысынан учурда пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө 2097 лицензия күчүндө. 2024-жылы 141 лицензия берилсе, анын 15и мамлекеттик компанияларга берилген”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай, былтыр өлкөгө геология жаатында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө бюджеттен бир млрд сом бөлүнгөн. Анын 71 пайызы техникаларды алуу жана башкаларга иштетилген.

“Биздин материалдык базабыздагы техникалардын эскилиги жеткен. Заман талабына ылайык, бүт техникалар кыргыз геология ишканасында жаңыланды”,-деди ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост