Январь айында 22,5 млрд сом салык жана төлөмдөр чогултулду

 Январь айында 22,5 млрд сом салык жана төлөмдөр чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь айында 22 млрд 554 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту.

Ведомстводон белгилешкендей, пландык көрсөткүчтөр 3 млрд 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,05 млрд сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары, Салык кызматы 6 млрд 714,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул белгиленген пландан 814,4 млн сомго көп. 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 839,8 млн сомго өстү.

Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы ушул жылдын январь айында 29 млрд 268,4 млн сомду түздү.

Связанный пост