Баткендин бренд продукциялары республикада эң мыкты деп табылды

Баткендин бренд продукциялары республикада эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Бишкек шаарында JICA уюуму тарабынан негизделген, “Бир айылдан, бир продук” улуттук экономикалык долбоору тарабынан жыл сайын өтүүчү бренд комитетинин сынак жыйыны өттү.
Ага Баткен облусунан 2024-жылдын жыйынтыгы менен бренд статусуна ээ болгон 13 продукциянын ичинен төртөө республикалык таймашка катышты. Алар:
– малина токочу;
– малина ширеси;
– кургатылган кандек өрүк;
– жүзүм ширеси.
Сынактын жыйынтыгы менен облустар арасында Баткен облусу 1- орунду ээледи. Ал эми өндүрүүчүлөр арасында Сапаргүл Жусупбекова 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.