2025-жылдын 1-мартынан тартып акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-мартынан тартып акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынарын эскертет.
Ушул күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик маркасы жок төмөнкү товарларды сатууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат:
– Түтүктүү тамеки, тартуучу, жыттоочу, кальяндык тамекилер (коду ТН ВЭД 2403).
– Майлоочу майлар, башка майлар жана аларга кошундулар (коду ТН ВЭД 2710197100–2710199800, 3811210000).
Салык кызматы ишкерлерди 2025-жылдын 28-февралына чейин бул товарлардын маркаланбаган калдыктарын өз убагында маркалоого чакырат.
Эскерте кетсек, акциздик маркасы жок продукцияны жүгүрткөндөр үчүн 65 000 сом айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.
Эскерте кетсек, колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн “Salyk.kg” мобилдик тиркемесинде акциздик марканын мыйзамдуулугун жана аныктыгын текшерүү функциясы жеткиликтүү.