Былтыр Кыргызстандагы «Газпром» компанияларынын тобу мамлекеттик бюджетке 7,4 миллиард сомдон ашык акча төлөдү

 Былтыр Кыргызстандагы «Газпром» компанияларынын тобу мамлекеттик бюджетке 7,4 миллиард сомдон ашык акча төлөдү

2024-жылы Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу өлкөнүн экономикасын чыңдоого мурдагыдан да олуттуу салым кошту. Анын бардык компаниялары милдеттенмелерин өз убагында жана толук кандуу аткарып, жооптуу салык төлөөчүлөр аброюн тастыктады.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниялар тобунун салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 7,4 миллиард сомдон ашты. Бул 2023-жылдагы көрсөткүчтөн (6,2 миллиард) 18%га көп.

Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген мезгилде мамлекеттик бюджетке 79,2 миллиард сомдон ашык каражатты салык жана башка төлөмдөр иретинде которгон. Өлкөнүн мунайгаз тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 43 миллиард сомдон ашты.

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу салыктык милдеттенмелерин түз аткаруу менен улуттук экономиканы өнүктүрүүнү активдүү колдоону улантып, туруктуулукту бекемдөөгө жана бакубатчылыктын жалпы деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Связанный пост