Бишкек – Ош унаа жолунун Арал постундагы чектөө алынды
Бишкек– Ош унаа жолунун Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 10:15те алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген болчу.