Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

 Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, саат 16:20дан тарта, Сосновка постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди.

Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо, тез арада каттамды жандантуу аракети көрүлүүдө. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1200 м3 түзөт.

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост