Оштогу “Сити-Парк” турак жайы мыйзамсыз курулганы аныкталды

 Оштогу “Сити-Парк” турак жайы мыйзамсыз курулганы аныкталды

Ош шаарындагы “Сити-Парк” турак жайынын курулушу мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан “Сити-Парк” турак жай комплексинин тургундарынын кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталган.

2003-жылы Ош шаарынын мэринин токтому менен А.И. аттуу жаранга 2733 чарчы метр, анын ичинен 913 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке, ал эми 1 820 чарчы метр жер тилкеси 15 жылдык мөөнөткө пайдалануу үчүн ажыратылып берилген. Бирок, 2014-жылы тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкесинин аянтын мыйзамсыз түрдө 3 030 чарчы метрге чейин чоңойтуп, толугу менен жеке менчикке каттап жиберишкен.

Мындан тышкары, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкерлери кызыл сызыктын чегин бузуу менен 12 кабаттуу турак үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат беришкен. Курулуш толук бүтпөгөндүгүнө, долбоорго дал келбегендигине жана өрткө каршы эрежелер сакталбагандыгына карабастан объектти пайдаланууга киргизүү тууралуу мыйзамсыз акт түзүлгөн.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ош ШИИБнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост