Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларындагы экологиялык абал, транспорттук тыгындар маселеси талкууланды
Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 3-майындагы №1147-VII токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
Ошондой эле Жогорку Кенештин депутаттары Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Камила Талиева, Эльдар Абакиров, Мурадил Сыдыков, Илимбек Кубанычбеков, Медербек Саккараев, Талант Мамытов, Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген «Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.
Талкуу маалында депутат Улан Примов Кара-Кече кенинде көмүрдү байытуучу фабрика куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү сунуштады. Буга эл өкүлү көмүрдөн зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу экологиялык кырдаалга оң таасирин тийгизет деген жүйө келтирди.
Ал эми депутат Илимбек Кубанычбек абанын булганышынын себептеринин бири көмүр жагуу экенин белгилеп, Бишкекти жана жаңы конуштарды газдаштыруу иштерин активдештирүү зарылдыгына басым жасады.
Муну менен катар депутат Жалолидин Нурбаев Ош облусунун Араван районундагы транспорттук тыгындар көйгөйүнө көңүл бурса, эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев унаалардагы катализаторлордун болушун көзөмөлдөө маселесин ортого салды.
Депутат Эльдар Абакиров имараттардын жана курулмалардын энергоэффективдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери тууралуу сөз кылып, жылуулук жоготууну азайтуу үчүн элеваторлорду орнотуу зарылдыгын кошумчалады.
Андан тышкары, депутат Эмиль Токтошев брикеттелген көмүрдү колдонуу менен жеке сектордогу жылытуу системасын жакшыртуу чараларын сунуштаса, депутат Гүлшаркан Култаева Гидрометеорологиялык кызматтын каржылоосун көбөйтүү, тактап айтканда аталган кызматтын лабораториясын модернизациялоо маселесин карап чыгууну табыштады.
Депутат Миргүл Темирбаева Бишкек ЖЭБинде колдонулуп жаткан көмүрдүн сапатын жогорулатуу маселесине токтолуп, ошону менен бирге борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында тартылган кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын айтты.
Жыйынтыгында «Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө» Жогорку Кеӊештин 2023-жылдын 3-майындагы №1147-VII токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат эске алынып, «Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.