Суусамыр – Талас – Тараз жолунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
Бүгүн саат 11:00дөн тарта Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим Өтмөк ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №36 Жол тейлөө ишканасынын сунушу менен кабыл алынды.
Аталган унаа жолдо тыгындарды болтурбоо жана абалды байкоо максатында ӨКМдин Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ Өтмөк ашуусуна чыгып кетти.
Кошумча маалымат берилет.