Ысык-Көл облусунда эки дарыяны бириктирүүчү дамба курулууда
Жети-Өгүз районунда Ара-Бел суу алуучу плотинасын калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Мындагы жумуштар министрликтин алдындагы Суу ресурстары кызматынын райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аткарылууда.
Деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашкан объекттин курулушу өткөн жылы башталган. Азыркы тапта Ара-Бел жана Жууку дарыяларынын нуктарын бириктирүү иштери жүрүп жатат. Ара-Бел дарыясын багыттоо боюнча курулуш иштери 30-40 пайызга бүткөрүлдү.
Каналды өзгөртүү үчүн узундугу 300 метр болгон дамба курулуп, узундугу 120 метр жана тереңдиги 7 метрге чейинки жаңы канал салынууда. Топурак алынып, татаал жерлерде жардыруу иштери жүрүп жатат.
Аткарылган иштердин натыйжасында Жети-Өгүз районундагы сугат суунун тартыштыгы кыйла азаят. Башкы суу алуучу плотинаны ушул жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.