Тармактык комитетте Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу маселеси талкууланды
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана автомобиль транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды. Бул туралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.
Аталган маселе боюнча демилгечи депутат Марлен Маматалиев маалымат берди. Ал белгилегендей, токтом долбоору Бишкек жана Ош шаарларында транспорттук тыгындарды азайтуу жана атвомобилдик транспорттун кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, Министрлер кабинетине мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкектин айланасында айланма жол куруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат.
Муну менен катар транспорт агымдарына адаптациялануучу жол чырактарын башкаруунун интеллектуалдык системасын орнотуу; ошондой эле жолдорду, өзгөчө авария өтө көп болгон жерлерде жарыктандырууну жакшыртуу; бара-бара техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо менен, Бишкек шаарынын аймагынан темир жол борборлорун көчүрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү сунуштары камтылган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев транспорттук тыгындарды азайтуу багытында мэрия тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө жол чырактарын башкаруу системасына 128 миллион сом бөлүнгөн. «Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы борбордун 21 кесилишинде пилоттук режимде 25-январдан тарта иштей баштайт», – деди.
Андан тышкары, мэр кичи автобустарды борбордук көчөлөрдөн чыгаруу, автобекеттерди көчүрүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, автожолдорду кеңейтүү иштери тууралуу маалымат берди.
Талкуу маалында депутат Эльмурза Сатыбалдиев борбор калаада айдоо маданиятын жогорулатуу, оң рулдуу унаалардын жана жүк ташуучу унаалардын жүрүү тартибин аныктоо зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков автобекеттерди көчүрүүнүн натыйжасында жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралганына көңүл бурду.
Ал эми депутат Медербек Саккараев коомдук транспорттун муктаждыгына кызыкты. Буга Айбек Жунушалиев кошумча 2 миң автобус учурдагы тартыштыкты жаба аларын билдирди. Депутат Талант Мамытов мэрияга маселени узак мөөнөттүү чечүү үчүн комплекстүү чараларды иштеп чыгууну сунуштады.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү токтомдун долбоорун колдошту.