Баткен облустук өнүктүрүү фонду былтыр 12 долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн
2024-жылы Баткен облустук өнүктүрүү фонду 12 долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган долбоорлор чакан ишканаларды ачууга, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, фонд тарабынан 6 ишкерге жеңилдетилген насыя берилген. Анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга багыталган “Социалдык келишим” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган жарандардын, ишкердигин кеңейтүү аракеттери колдоого алынган.
Азыркы учурда өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Баткен районунун Бужум айылынын Ынтымак жаңы конушуна 25 орундуу бала бакча курулууда. Жалпы сметалык баасы 12 млн сомду түзгөн курулушка Баткен облустук өнүктүрүү фондунан 4 млн сом ажыратылып, Кореянын эл аралык кызматташтык уюмунун (KOICA) жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен да каражат каралган.
Ошондой эле фонд жаңы конуштардын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында Баткен районунун жаңы түзүлгөн Момунов айылына да 1 млн 300 миң сомго электр энергиясын жеткирген.