Жарандар 5 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду

 Жарандар 5 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду

Жарандар 5 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Ал айыл чарба жерлеринин мүлк салыгын төлөө буга дейре 2022-жылдан 2025-жылга чейин бошотулганын айтты.

“Эми бул мөөнөт дагы узартылып, 2030-жылга чейин салык төлөөдөн бошотуу каралды. Президент айтып кеткендей, 5 жыл ичинде дыйкандарды түйшөлткөн суу маселеси чечилгени турат. Бул албетте мамлекеттин дыйкан-фермерлерге карата жардамы болду десек болот. Ушул маселелер чечилгенден кийин салык төлөө жандандырылат”, – деп белгиледи Кубанычбек Ысабеков.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост