Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

 Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Күн мурун 23:48де Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан түштүк-чыгышка карай 53 чакырым, “Кумтөр” ишканасынан түштүк-чыгышка карай 95 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 чакырым аралыкта жайгашып, Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост