Кыргызстанда өрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды

 Кыргызстанда өрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды

Республика боюнча өрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, багбан Кабылбек Эргашев жана Аблес Жаныбековдор бул жаатта мыкты деп табыллы.

Кабылбек Эргашов 3 гектар жердеги өрүктүн кургатылган сортунан 12 тонна түшүм алып, 2 млн сом киреше алган. Ал эми 0,5 гектар эрте бышуучу өрүктүн сортун отургузуп, үчүнчү жылы 3 миң килограмм түшүм алып, 600 миң сом киреше алган.

Ал эми, багбан Аблес Жаныбеков 1 гектар малинадан 17 тонна мөмө жыйнаган.

Эске салсак, 28-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.

Связанный пост