Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.
«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү учагынын кыйрашынын кесепетинен Россиянын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшүп, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.