Президент: Учуру келгенде кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле көтөрүп алат
“Учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы калк жадымынан чыкпай, элибиздин эсинде түбөлүк кала берет”, – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, “Ынтымак Ордодо” өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, белгиледи.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Урматтуу мекендештер!
Ардактуу сыйлык ээлери!
Биз бүгүн Кыргызстандын ар тармактарында кесипкөйлүгү, эмгекчилдиги, атуулдугу менен айырмаланган, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон көрүнүктүү ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине чогулуп олтурабыз. Мындай күжүрмөн замандаштарыбыздын эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыктардын тапшырылып жатканына мен дагы кубанып турам.
Буюрса, туура бир аптадан кийин жыл жаңырат. Эски жылды жыйынтыктап, жаӊы жылга изги тилек артып турган чакта бийик даражалуу сыйлык алып жаткан мекендештеримди Жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
“Баарына эл – тараза, элден өткөн сынчы жок” деген калетсиз сөз бар эмеспи, мезгили жеткенде, учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы калк жадымынан чыкпай, элибиздин эсинде түбөлүк кала берет.
Быйыл биз азыркы Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилеп, бул тарыхый бурулушту жасоого жан үрөп, өмүрүн сайган, жанын кыйган аталарыбызды эскерип, алардын арбагына таазим кылып, ыраазычылык айтып келебиз.
Мен Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Исхак Раззаков өңдүү аталарыбыздын аттарын кайра-кайра атоодон эч тажабайм, күч-кубат алам. Алар РСФСР жетекчилигине “кыргыз деген өзгөчө маданияты бар, өзүнө тиешелүү жери бар, өзүнчө эл” деп, кайра-кайра кайрылып жүрүп, Кыргызстандын негизделиши үчүн эмне деген кыйчалыш кырдаалдарды, катаал сыноолорду, оор жоготууларды баштарынан кечирген жок.
Өжөрлүк, көктүк, мекенчилдик, атуулдук сезими артык бул аталарыбыз акыры 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу катары бөлүп чыгышканын жакшы билесиздер. Мына ошол жаӊы кыргыз мамлекетин түптөшкөн аталарыбыздын бири, маркум Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алдым.
Абдыкадыр Орозбеков карапайым калктын таламын талашып жүрүп, саясаттагы таасири жогорулап, 1925-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун уюштуруу курултайында депутаттар аны облустун төрагалыгына шайлаган. Дагы бир жылдан соң Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болот. Бала чагынан билимди көксөп өскөн Абдыкадыр Орозбеков ардактуу жана мансаптуу жаӊы кызматка киришкенден тартып, жалпы кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максаты катары караганы байкалып турат. Ал 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, жаӊы алфавитти иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү жаатында кыйла ийгиликке жетишкени тарых барактарында таасын жазылып калды.
Кадырлуу мекендештер!
Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өнөр жай, илим, билим, маданият, коргоо, коопсуздук жаатында жүздөгөн жаӊы объектилер ачылганына баарыбыз күбө болдук. Менимче, жалпы журтубуз ооз толтура айтып, сыймыктана турган иштер арбын жасалат. Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган имараттар эле ачылбастан, ошол тармактарды алдыга жылдыруу жаатында да алгылыктуу эмгектер жаралды деп эле тартынбай айтсак жарашат.
Мына, баарыбыз бир максатты көздөйлү, бирдиктүү иш алып баралы, биримдикти туу туталы деп жакшыга жоруп атын койгон “Ынтымак Ордобузда” Кыргызстандын жүзү катары санала турган ар тармактын өкүлдөрү: адабият шаалары, маданият ишмерлери, мугалимдер менен дарыгерлер, ишкерлер менен спортчулар, күч тузүмдөрүнүн жана башка тармактардын чыгаандары олтурушат.
Улуу муундан мурас калган улуу дөөлөттөрдү, нарк-насилди өз бойлоруна сиңирип, кийинки муунга Ата Мекенге кызмат кылуунун өрнөгү катары өткөрүп берүүчү бүгүнкү сыйлык ээлеринин айрымдарына токтолуп өтүүнүн өзү мен үчүн дагы, эл үчүн дагы сыймык десем жаңылышпаймын. “Сыйлыгы жеке мен үчүн болсо, сыймыгы – жамы эл үчүн” деген накыл кеп дал ошондон калса керек деп ойлойм!
Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу, прозаик, публицист, акылкөй аксакалыбыз Кеңеш Жусуповго “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Жамы кыргыз окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон агабыз Кеңеш Жусуповдун чыгармалары орус, немис, француз, түрк, казак, латыш, татар сындуу ондогон тилдерге которулган. Андан тышкары, Кеңеш Жусуповдун кыргыздын «Манас» эпосун кенири жайылтуу жаатындагы эмгеги абдан зор. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, маданияты, этнографиясы тууралуу маалыматтарды жана макалаларды камтыган 40 томдук “Кыргыздар” басылмасынын түзүүчүсү экени мүлдө кыргыз журтуна белгилүү.
Дал ушундай артыкчылык даражасын бүгүн биз геология-минерология илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетовго ыйгарганы турабыз. Осмонбетов агай – өлкөбүздө узак жылдардан бери ийгиликтүү жана натыйжалуу эмгектенип келаткан геология, металлогения, пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо боюнча бирден-бир ири адис. Анын изилдөөлөрүнүн негизинде Кыргызстанда ондогон жаӊы кен-байлыктар ачылып, азыркыга чейин өздөштүрүлүүдө.
III даражадагы “Манас” орденине бул ирет профессор, педагогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов менен Кыргыз эл акыны, Улуттук жазуучулар союзунунун президиумунун мүчөсү Акбар Рыскулов арзып олтурат. Абакир Мамытов агай Кыргызстандагы дене-тарбия боюнча жогорку адистик билим берүүнү эл аралык билим берүүгө жуурулуштурууга олуттуу салым кошкон изилдөөчү жана башкаруучу катары кеңири таанылса, Акбар Рыскулов агабыздын чыгармачылык, мамлекеттик, коомдук ишмердиги өз мезгилинин олуттуу милдеттери менен тыгыз айкалышкандыгын айтууга болот. Анын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган “Атакенин Акболот” аттуу тарыхый үчилтик романы коомчулук тарабынан жогору бааланып, улуттук тарыхый роман жанрынын керегесин дагы кыйла кеңейтти.
Урматтуу замандаштар, билим берүү жаатындагы дагы бир жакшы саамалык катары Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланып жатканын баса белгилей кетким келет. Бир кылымдык тарыхы бар жогорку окуу жайдан кезинде белгилүү сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Сабырбек Акылбеков, акын-жазуучулар Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев, Түмөнбай Байзаков, Жунай Мавлянов, Муктар Борбугулов, Төлөгөн Мамеев, Омор Сооронов, академик Муса Адышев жана башка өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, адабиятка, маданиятына, илимине, билимине эбегейсиз зор салым кошкон инсандар чыккан.
Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаровду дагы “Даңк” ордени менен сыйлоо тууралуу чечим кабыл алынды. Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, коӊшу Баткен жана Фергана облустарынын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин ишке ашырууда аким Хайрулло Бозаровдун эмгегин баса белгилей кетким келет. Ошондой эле ал кыргыз-өзбек элдеринин боордоштук мамилесин, эки элдин ишкерлеринин алакасын чыңдоодо, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө да зор иштерди жасап жатат. “Коӊшусу жакшынын – короосу тынч” деген ошол.
Ал эми кыргыздын чыгаан артисти жана киноактербуз Мураталиев Акылбек Кыдыровичти жакшы билебиз, жалпы сыйлайбыз. Башынан эле күнүмдүк атак-даӊкка, байлык менен бийликке умтулбаган табигый талант. Акылбек агабыз өзүнүн актердук карьерасында бири-бирине окшобогон 50дөн ашуун каармандардын классикалык образын жараткан экен. Анын ар бир ролу жаштарга үлгү болоруна толук ишенем. Маселен, Уильям Шекспирдин “Ричард III” спектаклинде герцог Бекингем, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетейинде” Кыргыл чал, “Саадак кактыда” Жан алгыч, “Бороондуу бекетте” ата-бала Тансыкбаевдер, “Курманжан даткада” Алдаяр сындуу эстен чыккыс каармандар бар. Акылбек Кыдырович, “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамыӊыз кут болсун!
Кыргыз мамлекеттик циркинин имараты таптакыр каралбай, бир топ сын-пикирлер коштолуп келатты эле, аны капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Мен өзүм барып көрдүм, жакшы жасалгалыныптыр, абдан ыраазы болдум. Демек, улуттук артисттерибизге да, ордо калаабызга гастролго келген меймандар үчүн да, өзүбүздүн миӊдеген көрүүчүлөргө, айрыкча балдарыбызга татыктуу белек болду окшойт. Шарт түзүлгөнү иш жүрүшүп кетти, мурда ар кимдердин чөнтөгүнө түшүп жүргөн жосун жоюлуп, киреше кире башташты. Бир айдын ичинде кирешелүү тармакка айланды десек болот. Ошондон улам, Кыргыз мамлекеттик циркинин атын өчүрбөй, үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап, миӊ кыял артисттер жамаатынын ар кандай кыялына чыдап, кыргыз маданиятынын келечеги үчүн акылын азык, каруусун казык кылган Боромбаев Рыскул Мамбеткуловичке “Даӊк” медалын ыйгаруу чечимине келдик. Сыйлыгыӊыз кут болсун!
Ушу тапта өлкөбүздүн эӊ маанилүү курулуш тармагы өркүндөп-өсүп жатканын көрүп турасыздыр. Албетте, курулуш тармагында көйгөйлөр көп. Бирок, кантсе да, ал өткөөл мезгилде Кыргызстандын экономикасын алга сүрөөгө жөндөмдүү экенин таасын тастыктай алды. Курулуш тармагы жалаӊ куруучулардан эле турбайт, алардын артында такай көзөмөл жүргүзгөн чыныгы адистер бар экенин билесиздер. Ошондон улам узак жылдардан бери жарандарыбыздын коопсуздугун, курулуп жаткан имараттардын сапатын, алардын кыргыз жергесинин, анын ичинде имараттар курулуп жаткан жердин шартында илимий сыноолорду жүргүзүү тобунун башында турган профессор Темикеев Конушбек агабызды “Даӊк” медалы менен сыйлоону туура таптык.
Уламышка айланган Улукман аке сындуу ата-бабаларыбызды айтпаган күндө да, өзүбүздүн белгилүү дабагерлердин ысымдары эл оозунан түшпөй келаткандыгы дал ушундай сейрек касиеттерди жалгаштыра билип, өз ара айкалыштыра урунуп келатканынан улам болуш керек. Бүгүн Акматов Таалайбек Аманкулович “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы менен сыйланганы турат. Бул да болсо, алтын кол, Теңир жалгаган шык-жөндөм, тунук акыл, ак эмгек акыбетинин кайтып жатканы. Таалайбек Акматов кезинде дүйнөну дүрбөлөңгө салган пандемия менен тынымсыз алышканын, боордош элди кырсык басып, жер титирөө болгондо да, ошол жердеги дарыгерлер тобун жетектегенин эл жакшы билет. Мына ушундай эл аралык деӊгээлде таанылган уул-кыздарыбыз бар. Жараткан колуӊузга эм, баарыбызга дем берсин!
Кыргыз башынан эле “Жолу оӊолгондун иши оӊолот” деп келген, бул бекеринен эмес. Акыркы үч жылда биз дагы өлкө аймагында жолдорду кайра куруу жөрөлгөсүнө өзгөчө маани бере баштадык. Жол куруу тармагындагы адистердин бири – Айдаров Замирбек Казакбаевич “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген куруучусу” наамына арзып олтурат. Анын мыкты адис эле эмес, мыкты уюштуруучу катары БАРЭК-3 коридорун жакшыртуу долбоорун ишке ашырууда Бишкек-Ош автомобиль жолунун Маданият – Жалал-Абад тилкесин курууда инженер кызматты ийгиликтүү аткарганын мисал катары айта кетейин.
Кыргызстандын башкы улуттук илимий-изилдөө мекемесине өзгөчө көӊүл бура баштадык. Быйыл имаратын толугу менен капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Буюрса, каржылык маселелерин дагы чечип берүүнү көздөп турабыз. Бирок ал каражаттар сол чөнтөктөргө кирип кетпестен, натыйжалуу колдонулушу керек. Мына ошол Улуттук илимдер академиясынын президентин жамы журтубуз жакшы билет. Абдрахматов Канатбек Ермековичке “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардак наамын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Канатбек Абдахматов – сейсмикалык катаклизмдер жаатындагы бирден-бир ири адис. Кыргыз Республикасынын аймагын сейсмикалык райондоштуруу карталарынын автору. Ал учурунда “Камбар-Ата-2 ГЭСинин плотинасын түзүү боюнча масштабдуу жарылууга илимий байкоо жүргүзүү программасынын жетекчиси болгон.
Өнүгүп-өсүүнү тилек кылган ар коомдун, ар элдин, ар мамлекеттин эгемендик бедели, саясий эрки, экономикалык күч-кубаты, социалдык адилеттүүлүгү, бирдиктүү коом катары жашоо-турмушу калктын эң аялуу катмарына, тагыраак айтканда, балдарга, кары-картаңдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга жасаган камкордугуна жараша бааланары бышык. Алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, бакубат келечегине кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Мына ушул чөйрөгө өмүрүн арнап, ырааттуу аракет жасап келаткан адамдардын бири – Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунда иштеп жаткан Халитова Танзиля Ахтамовна. Бул киши Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамына толук татыктуу.
Ушу тапта кыргыз спорту дүйнөлүк ири чектерди багындырып келет. Ага баарыбыз күбө болуп жүрөбүз. Мамлекеттин спортко өзгөчө көңүл буруп, жаш спортчулардын келечегине кам көрүп жатышы бекеринен эмес. Биз илгери үмүт байлап, чоӊ ишеним арткан жаштарыбыздын ден соолугу чың, көңүлү куунак, жүрүм-туруму шайдоот болууга тийиш. Кыргызстандын бакубат келечеги ден соолугу чың, акылы тунук, ак менен караны ажырата билген, намыскөй жана кайраттуу жаштардын колунда. Бул багыттагы аракеттерибиздин натыйжасында Азия жана Дүйнө чемпионаттары, Азия жана Дүйнө кубоктору, Токио жана Париж олимпиадалары биз үчүн ийгиликтүү болду. Алардын арасында бокс сындуу спорттун классикалык түрү боюча олимпиада медалын утуп алган чыгаан уулдарыбыз чыкты.
Эмесе, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Париж олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Сейитбек уулу Мунарбек III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланат.
Ардактуу замандаштар!
Жогорку мамлекеттик сыйлык алуучулардын тизмесиндегилердин баарына токтолууга убактыбыз чектелүү болуп турат. Алардын арасында спорт жаатындагы жараткан ийгиликтери үчүн сыйланган мекендештерибиз, күч түзүмдөрүнүн: Ички иштер министрлигинин, прокуратура органдарынын, коопсуздук органдарынын күжүрмөн кызматкерлери да бар.
Алар Ата Мекенибиздин ички-тышкы коопсуздугун, өлкө ичиндеги тартипти, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн ар күнү өмүрүн тобокелге салып келишет. Алар башкалардан айырмаланып, ант берип, берген антты абийирдүүлүк менен аткарып, чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Мына ошондуктан, элибиздин бейпил турмушун камсыздоо үчүн жүктөлгөн милдеттерди күнү-түнү тыным албай аткарып келаткан күч түзүмдөрүнүн жалпы кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми мамлекеттик сыйлыктарга арзыгандарын чын дилимден куттуктаймын.
Сыйлык ээлеринин аты аталбай калганы менен, жалпы Кыргызстан эли силердин ар бириңер менен сыймыктана турганына тереӊ ишенем.
Ата Мекенге ак ниет кызмат кылганыӊар үчүн мамлекеттик сыйлыкка арзыган мекендештерибиздин баарына терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, жаратман эмгек каалаймын.
Дагы бир ирет сыйлыгыңыздар кут болсун!
Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!”