Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцко көңүл айтты

 Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцко көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольцко Магдебург шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

 

“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост