Улуттук кинематография кеңешинин биринчи жыйыны өттү

Бүгүн, 12-декабрда, Улуттук тарых музейинде Улуттук кинематография кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын башкы темасы – улуттук киноиндустриянын өнүгүү келечегин талкуулоо болду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, кинематографисттер жана кино тармагындагы эксперттер катышты.

Жыйындын расмий бөлүгү башталар алдында Эдиль Байсалов 2024-жылы алынган жаңы кино тартуу үчүн жабдуулар жана быйылкы жылы тартылган тасма, сериалдар менен таанышты.

Ошондой эле кинону жайылтуунун жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы оң имиджин түзүүнүн стратегиялык куралы катары маанилүүлүгүн белгилеп, кино тармагын өнүктүрүү үчүн комплекстүү мамиле керектигин, бул үчүн техникалык кайра жабдууларды, инвестиция тартууну жана квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Аны менен бирге кыргыз киносун эл аралык фестивалдарда жайылтууга жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.

Күн тартибиндеги негизги маселелер:

– 2024-жылы аткарылган иштер боюнча видео-доклад;

– “Кыргызстан — баатырлар өлкөсү” концепциясынын презентациясы;

– Кыргыз киноиндустриясын өнүктүрүү стратегиясы (2025–2030-жылдар);

– Кино тартуу үчүн павильон куруу боюнча презентация;

– Ар кандай маселелер: анын ичинде “Эр-Төштүк” жана “Сынган кылыч” тасмаларынын долбоорлору.

Иш-чараны жыйынтыгында 2025-жылга карата негизги иштер жана “Кыргызстан — баатырлар өлкөсү” концепциясын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар аныкталды.

“Улуттук кинематография кеңеши иш-чаранын бардык катышуучуларына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, кино тармагын өнүктүрүү боюнча амбициялуу максаттарды ишке ашыруу үчүн биргеликте иштөөнү улантууну сунуштады”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост