Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы өндүрүшү 55,3 млрд сомду түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы өндүрүшү 55,3 млрд сомду түздү.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 101,8%ды түздү.
Тоо-кен өндүрүшүнүн көлөмүнүн орточо өсүшү чийки мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнүн басаңдашы менен шартталган.