Садыр Жапаров: Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы максатыбыз – аба каттамдарын жандандыруу, аба транспорт тармагын жана туризмди өнүктүрүү
“Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы биздин максатыбыз – аба транспорт тармагын өнүктүрүү, республиканын алыскы аймактарынын аба каттамдарын жандандыруу, эл-журтубуздун карым-катышына альтернативдүү жол катары ыңгайлуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү багытындагы эл аралык каттамдарды ачуу болуп саналат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде белгиледи.
Ачылыш аземинен кийин Мамлекет башчысы реконструкция иштери аяктаган аэропортту кыдырып, инфраструктурасын, анын ичинде учуу-конуу тилкесин, терминалын жана техникалык кызматтарын көрүп чыкты. Салтанаттуу окуянын белгиси катары Президентке биринчи отуруу билети тапшырылды.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Каракол шаарынын тургундары менен жолугуп, алар аэропортту масштабдуу реконструкциялоого байланышкан маселелерди ыкчам чечкендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
Жергиликтүү тургундар аэропортту калыбына келтирүү алардын өлкө аймактары менен транспорттук байланышын жакшыртып, борборго жеткиликтүү болуп калганын, жол жүрүү убактысын кыскартарын баса белгилешти.
Бул Ысык-Көл облусундагы жашоо сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болорун көпчүлүгү айтып өтүштү.
Эскирген инфратүзүмүнөн улам 2018-жылдан бери жабык турган аэропорт ишин жандандырды.
2024-жылы аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2450 метрге чейин узартылып, эл аралык каттамдарды кабыл алууга ылайыкташтырылган. 2025-жылы заманбап жарыктандыруу системасын жана инструменттердин (ILS) жардамы менен конуу системасын орнотуу пландаштырылууда. Бул системалар аэропортко учактарды күнү-түнү, ошондой эле аба ырайынын бардык шарттарында кабыл алууга мүмкүндүк ачат.
Жакын арада тилкени 3500 метрге чейин узартуу пландаштырылууда, бул ири авиалайнерлерди кабыл алууга жана жаңы эл аралык каттамдарды ачууга мүмкүндүк берет.
1971-жылы негизделген “Каракол” аэропорту ондогон жылдар бою региондун транспорт системасында маанилүү ролду ойногон. Аны модернизациялоо Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана Кыргызстандын туристтик жана экономикалык потенциалын чыңдоодо маанилүү кадам болмокчу.