ЖКККББ: Жол тыгындарын жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Жол тыгындарын жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин, Бишкекбашкыархитектурасынын жана район акимчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жайын өткөрүлдү.

 

Анда ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эмил Жакыпов борбор калаабыздагы жол тыгындарын чечүү зарылчылыгын белгилеп, анын алдын алууда коомдук транспорттор токтоочу аялдамалардын аянтын кеңейтүү жана коомдук транспорттордун айдоочуларынын жоопкерчиликтерин күчөтүү үчүн видео байкоолорду көзөмөлдөөнү сунуштады. Ошондой эле биргелешкен комиссия түзүп, жол тыгындарына себеп болгон аялдамалардын абалын, түзүмүн жеринде карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

 

Жыйындын жүрүшүндө Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти коомдук транспортторго орнотулган видео байкоолор аркылуу укук бузууларды ЖКККББнын “Коопсуз шаар” долбооруна туташтырып, ал аркылуу айдоочулардын жоопкерчиликтерин жогорулатууну сунуштады.

 

Жыйындын соңунда жалпы жол тыгындарына жана жол кырсыктарына жол бербөө максатында тийиштүү жол белгилерди, жол чийиндерди, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттардын абалына көңүл буруп, айдоочулар арасында да түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек экендиги айтылды.

Связанный пост