Балбан-Таймаш конушунда турак жайдан өрт чыгып, 16 үй-бүлө интернаттын имаратына жайгаштырылды

Күн мурун саат 13:00 чамасында Бишкек шаарындагы Балбан-Таймаш конушунун №1 көчөсү, 27-үй дарегинде өрт чыгып, алдын ала маалыматтар боюнча, 16 үй-бүлө жана 40ка жакын адам жабыркаган.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев тилсиз жоонун кесепетинен турак-жайынан айрылган жарандар менен жолугушту.

Жунушалиев шаардык кызматтарга жана Биринчи май районунун администрациясына керектүү жардамдарды уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен ыкчам чаралар көрүлүп, жашоочулар А.Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын имаратына убактылуу жайгаштырылып, аларга керектүү бардык шарттар түзүлдү.

Ошондой эле шаар мэриясы тарабынан ысык тамак уюштурулуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

“Жергиликтүү бийлик социалдык кызматтар менен биргеликте жабыркагандарга мындан аркы жардамдарды, анын ичинде документтерди калыбына келтирүүнү уюштурат”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост