Прокуратура: Чүйдө абанын булганышына байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды

 Прокуратура: Чүйдө абанын булганышына байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды

Башкы прокуратура тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө атмосфералык абанын булганышына байланыштуу олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Башкара-Суу айылындагы “ИГ” жана “Б” жоопкерчилиги чектелген коомдорго таандык кыш заводдор тиешелүү мамлекеттик экологиялык корутундусуз иштеп жатканы белгилүү болду. Мындай аракеттер экологиялык коопсуздук талаптарынын бузулушуна алып келип, Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын булганышын шарттаган.

Мындан сырткары, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык контролдоо министрлигине караштуу Экологиялык-техникалык контролдоо кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу чарбакер субъекттердин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө жол ачкан.

Аталган фактылардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (“Атмосфераны булгоо”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) боюнча эки кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө органдарына өткөрүлүп берди.

Башкы прокуратура өлкөдөгү экологиялык коопсуздуктун бузулушун аныктоо боюнча иштерди улантууда жана чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоону, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна кайтарылгыс кесепеттерге жол бербөөнү эскертет.

Связанный пост