Президент Садыр Жапаров Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады

 Президент Садыр Жапаров Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу эл аралык өнөктөштөр!

Сиздерди бүгүнкү Эл аралык тоолор күнү менен чын дилимден куттуктайм! 11-декабрь – Эл аралык тоолор күнү тоо экосистемасынын маанилүүлүгү менен уникалдуулугун, ошондой эле дүйнө жүзүндө климаттын, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнүн кесепетинен тоолор туш болгон коркунучтарды эске салып турат.

Кыргыз эли үчүн тоолор – бул Жараткандын берген жаратылыш байлыгы гана эмес, жамы журтубуздун жашоо булагы, байыртадан пааналап келаткан Мекени!

Кыргызстан тоолуу өлкө катары өзүнүн уникалдуу табигый байлыктары, аска зоолору, ак мөңгүлөрү жана дарыя-суулары менен сыймыктанат. Булар бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн күн кечириши үчүн абдан маанилүү. Ошентсе да жалпы экосистемада калдайган тоолордун дагы эң алсыз жактары бар. Алар адамдын ашыкча иш-аракетинен, климаттын өзгөрүүсүнөн, биологиялык ар түрдүүлүктүн деградациясынан жана табигый ресурстардын түгөнүүсүнөн жапа чегүүдө.

Кыргызстандын демилгеси аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 77-сессиясында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алганын билесиздер. Анын алкагында 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланганы белгилүү.

Бүгүн биз мөңгүлөрдүн эрүүсүнөн, тоолордун булгануусунан, табигый кырсыктардан, экстремалдык аба ырайы шарттарынан, суу ресурстарынын жетишсиздигинен, жердин чөлгө айланышынан, тоолуу жайыттардын деградациясынан жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушунан улам, олуттуу чакырыктарга туш болуп жатабыз. Биз тоолорду сактоону дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү, глобалдык жана аймактык чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү аракетиндебиз. Мындан тышкары, учурда Кыргызстан башка мамлекеттер менен биргеликте ак илбирсти коргоо боюнча демилгелерди алдыга жылдырып жатат.

Быйыл БУУнун Илимий-техникалык консультациялар боюнча жардамчы органынын (SBSTA) 60-сессиясында Тоолор жана климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттик кеңешме өткөрүлүп, тоолуу өлкөлөрдү колдоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгы баса белгиленди. Ошондой эле Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциянын 29-сессиясында Кыргызстан тоолуу аймактар боюнча маанилүү иш-чараларды өткөрүп, “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” аталышындагы улуттук павильон уюштурду.

Кыргыз Республикасы Климаттын өзгөрүүсү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларация кабыл алуу демилгесин көтөрүп, ал 16 мамлекет тарабынан колдоого алынды.

Биз өлкө ичинде, Борбор Азия чөлкөмүндө жана глобалдык деңгээлде күч-аракеттерибизди бириктирсек, келечек муундар үчүн тоо экосистемасын сактап кала алабыз.

Мындан улам, ар бир кыргыз жаранын табиятты таза сактоого, тоо ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө салым кошууга чакырам. Биздин аракеттерибиз кыргыз тоолорунун улуулугун, керемет жаратылышыбызды жана бүткүл адамзат үчүн баа жеткис байлык болгон ак мөңгүлөрдү сактоого багытталсын!

Эл аралык тоолор күнү менен дагы бир жолу куттуктайм, урматтуу мекендештер, ардактуу эл аралык өнөктөштөр!”.

Связанный пост