Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө айып пул салынат
Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөр аныкталса мыйзамга ылайык айып пул салынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөй койуу. Аны менен катар коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, тактап айтканда 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш чараларды өткөрүп, муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр текшерилүүдө.
Департаменттин кызматкерлери КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 199-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алуу менен коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө мыйзам алкагында чара колдонушат.