Президент Оштун Ана-Кызыл айылындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Ана-Кызыл айылындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземине катышты.
Бийиктиги 31 метр болгон жаңы флагшток “Койчу-Датка” мемориалдык комплексин көрктөндүрүү алкагында орнотулду. Эл көп жүргөн Ош-Бишкек автожолуна жакын жайгашкан комплекс аймактын маанилүү маданий жана тарыхый объектиси болуп саналат. Сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана жайлуу отуруу аянтын түзүү үчүн эстеликтин айланасына ийне жалбырактуу дарактар отургузулган.
“Койчу-Датка” мемориалдык эстелиги жергиликтүү тургундар үчүн сыймыктануунун жана тарыхый эс-тутумдун символу болуп саналат.