Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

 Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Ош облусунун аймагында бүгүн саат 14:56да жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Сары-Таш айылынан түндүк-чыгышка карай 23 чакырым, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 105 чакырым аралыкта жайгашып, анын күчү Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост