Ноокатта жер семирткич завод куруу үчүн Кытайдан $15 млн жабдуулар келди

Ноокатта органикалык жер семирткич завод куруу үчүн Кытайдан 15 млн долларлык жабдуулар алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Сиань шаарында кол койгон келишимдин алкагында Ош облсунун Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушу ишке ашырыла баштаган.

Ага ылайык, КР Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде кечээ Кытайдан заводду куруу үчүн керектелген 15 млн долларлык жабдыктар алып келинди.

Белгилей кетсек, Кулатов айыл аймагындагы органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушунун биринчи этабы 2025-жылы аяктап, ишке берилет. Долбоордун жалпы наркы 260 млн долларды түзөт. Ал “органикалык жер семирткичтер технопаркы” долбоорунун бир бөлүгү болуп, курулуш төрт этапты камтыйт.

Заводдун биринчи этабы жыл сайын 100 миң тонна органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат. Жер семирткичтерди өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында айыл чарба техникаларын жыйноочу завод курулат. Бардык этаптар аяктагандан кийин ишкана жылына 500 миң тоннага чейин жер семирткичтерди чыгара алат жана 1 миңден 2 миңге чейин жумуш орундарын түзөт.

Связанный пост