УКМК төрагасынын туугандарынын атын жамынып, 240 миң $ акча алган жаран кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Ж.И.Р. аттуу жаран маселелериңерди чечип берем деп алдап, жарандардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын айтып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.
Белгиленгендей, УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин уулунун атына жамынып, 240 миң $ өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталды.
Чогултулган материалдардын негизинде шектүү №1 тергөө абагына камакка алынды. Азыркы учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, УКМК мыйзамдарды бузууга жол берилбестигин эскертет, мыйзам бузуу аныкталган учурда кылмыш-укуктук мүнөздөгү кылмыш-жаза чаралары көрүлөрүн эскертет.
Ал эми, мындай фактылардан жабыркаган жарандарды 0-312-62-05-85 номуруна кайрылууга чакырат.