Ноокатта бир катар милиция кызматкерлери пара менен кармалды

 Ноокатта бир катар милиция кызматкерлери пара менен кармалды

Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн пара алган кызматкерлери бир катар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А. уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.

 

Бул факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы алдын ала текшерүү жүргүзгөн. Ошол эле күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (“Адамдардын тобу тарабынан пара алуу”) каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө 21-22-ноябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунун ИИБдин беш участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т. кармалган. Ошондой эле Ноокат райондук ИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н. кармалды. Кармалгандардын баарына тең пара алууга шериктеш болгон деген айып тагылган. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Соттун чечими менен кармалгандардын баарына бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Ички иштер министрлиги укук коргоо органынын коомчулуктун көз алдында кадыр-баркына шек келтирген жана орду толгус зыян келтирген паракорлордон, мыйзамдуулукту бузгандардан милициянын катарын тазалоого багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Связанный пост