Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага жөнөп кетти

 Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Австриянын Федералдык Президенти Александер Ван дер Беллендин чакыруусу менен бүгүн, 24-ноябрда, Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык Президенти Александер Ван дер Беллен, Федералдык Канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин Төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

 

Австрияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-австриялык мамилелердин кеңири спектрин жана аларды мындан ары кеңейтүү пландарын талкуулашат.

Связанный пост