Кантта кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир адам каза болду

 Кантта кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир адам каза болду

Кантта кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир кытай жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга жуук Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 04:49дан тарта 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.

 

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метрди түзөт.

 

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост