Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү
Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Аталган мекеме санариптик технологияларды колдонуу менен документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.
Мындан сырткары:
Аймактарда жана шаарларда жаңы тейлөө борборлорунун курулушу башталат;
Мурдагы тейлөө жайларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт;
Калк үчүн ыкчам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтардын спектри кеңейтилет.
“Бул иш-чаралар сиздердин күнүмдүк жашооңуздарды жеңилдетүү жана мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн багытталган. Жакын арада жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири маалымат менен бөлүшөбүз”, – деди Туманбаев.
Эске салсак, аз убакыт мурда Калкты тейлөө борборлору президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн.