Ишкерлерге 8 млрд сом пайызсыз насыя берилди

 Ишкерлерге 8 млрд сом пайызсыз насыя берилди

“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 949 ишкер пайызсыз насыя алды.

 

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 1-ноябрына карата пайызсыз насыянын жалпы 8 млрд 20 млн 311 миң 016 сомду түздү. Анын ичинен:

 

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 323 ишкерге 5 млрд 523 млн 53 миң 916 сом берилген.

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 миң 626 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 497 млн 257 миң 100 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Связанный пост