Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди
Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 (Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.