Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын депутаттарын шайлоого добуш берди
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо тилкесине барып, шаардык кеңеш үчүн өткөрүлүп жаткан өнөктүктө добуш берди.
Андан соң Төрага шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган байкоочулар менен да баарлашып, добуш берүү өнөктүгү кандай өтүп жатканы боюнча маалымат алды.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев бул шайлоонун мааниси өтө чоң экенине токтолуп, калааны өнөктүрүүдө жана тургундардын жашоо шартын жакшыртууда шаардык кеңештин ролу арбын экенин кошумчалады.
“Андыктан, ар бир шаар тургуну шайлоого жоопкерчиликтүү карап, өзү каалаган, өзү ишенген талапкерлерге добушун бериши керек. Эгер шайлоого катышпай турган болсо, өз шаарына, келечегине кайдигер караган болот”, – деди Төрага.
Муну менен катар Бишкек шаары өлкөнүн борбору эле эмес, бардык жаңылануулардын башатында турган калаа экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Ага ылайык, бул шайлоодо борборубуздун өнүгүшү үчүн талыкпай иштеп, чыныгы эл өкүлдөрү катары өз үлүшүн кошо турган талапкерлер тандаларына терең ишенем”, – деди.