Экономика министрлиги: 2023-жылы фармацевтикалык продукция 664,5 миллион сомго өндүрүлгөн
2023-жылы фармацевтикалык продукция 664,5 миллион сомго өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов маалымдады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын фармацевтикалык өнөр жайынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечектеги пландары жөнүндө маселе каралды.
Аталган маселе боюнча баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө «Фармацевтикалык продукцияны өндүрүү» тармагынын салыштырмалуу салмагы 1,1%ды түзөт.
«2023-жылы фармацевтикалык продукция 664,5 миллион сомго өндүрүлгөн. Ал эми пандемия башталган 2019-жылы бул көрсөткүч 381,1 миллион сом түзгөн», – деген баяндамачы Кыргызстанда өндүрүлгөн дары-дармектердин ассортиментине токтолду.
Муну менен катар министрдин орун басары 2023-жылы 231,6 миллион АКШ долларына (19,7 миллиард сом) продукция импорттолгонун белгилеп: «Анын ичинен негизги импорттоочу өлкөлөр: Индия – 37,6 миллион АКШ доллары, Россия – 29,2 миллион АКШ доллары, Түркия – 24,4 миллион АКШ доллары, Германия – 16,6 миллион АКШ доллары, Словения – 13 миллион АКШ доллары, Украина – 11,5 миллион АКШ доллары», – деп кошумчалады.
Комитет мүчөлөрү фармацевтикалык өнөр жайынын учурдагы көрсөткүчтөрү төмөнкү деңгээлде болгондугун эске алып, фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле өндүрүштүн масштабын кеңейтүү, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанциялардын импортко көз карандылыгын азайтуу боюнча иш-чараларды күчөтүү табышталды.