Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо министрлери жолугушту
Бишкекте Кыргызстандын саламаттык министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглунун эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы медицина тармагындагы кызматташунун келечегин жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле кадрдык камсыздоо, кыргызстандык дарыгерлерди Түркиянын ооруканаларында окутуу жана фармацевтика индустриясын өнүктүрүү менен дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине да көңүл бурулду.
Алымкадыр Бейшеналиев Түркия өкмөтүнө жана Кемал Мемишоглуга Кыргызстандын саламаттык сактоо түзүмүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы алдыдагы эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир нече маанилүү маселелерге анын ичинен Кыргызстандын 150 жаранын түрк клиникаларында дарылоо боюнча квотаны калыбына келтирүүгө токтолду.
Жалпысынан жолугушуу конструктивдүү диалог жана өз ара түшүнүшүү менен өтүп, министрлер саламаттык сактоо тармагында мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты.